Сагын Эргешов & Кызсайкал Кабылова — Сагындым сени

 

Сагын Эргешов & Кызсайкал Кабылова — Сагындым сени — текст песни

 

 

Айдыңга ак куулар жол алды,
Сагындым сени.
Жайнады дүйнө да, жаңырды,
Сагындым сени.
Жаз өттү, жалбырак саргайды,
Сагындым сени.
Ак кайың ак мамык жамынды,
Сагындым сени.

 

Кайырма:
Күн батты, таң атты дагы да,
Эм таппайм жаралуу жаныма,
Бир гана сени эңсеп карайлаймын жолуңдан.
Сен элең сүйүүмдүн жанары,
Эңсеткен жүрөгүм жамалың,
Эзилип ичимен барамын, ай, маралым.

 

Ак кайың арылды ак кардан,
Сагындым сени.
Булбул куш сайрады бактардан,
Сагындым сени.
Элесиң жүрөгүм жандантып,
Сагындым сени.
Келесиң жаным кай жактардан,
Сагындым сени

 

Кайырма:
Күн батты, таң атты дагы да,
Эм таппайм жаралуу жаныма,
Бир гана сени эңсеп карайлаймын жолуңдан.
Сен элең сүйүүмдүн жанары,
Эңсеткен жүрөгүм жамалың,
Эзилип ичимен барамын, ай, маралым.

 

120727cookie-checkСагын Эргешов & Кызсайкал Кабылова — Сагындым сени
Просмотры 560

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *



Читать полностью

Наш сайт создан чтобы помочь Вам вспомнить слова Ваших любимых песен, уточнить непонятные тексты песен, узнать их перевод и разучить новые песни. Мы собрали для Вас крупную базу данных, которая содержит более множество текстов и переводов песен различных исполнителей. Сайт регулярно пополняется текстами новых песен. Чтобы найти необходимый текст песни или перевод воспользуйтесь удобным поиском по исполнителям, названиям или тексту песни. Если же Вы не нашли нужный текст песни или перевод напишите нам и мы его добавим.