364
Качан кучагым сага толот
Качан сагындым
Качан гүл багым гүлгө толот
Качан балкыймын
Ырдагым келет
Кусалыгым сагынычым кайрыктарым менен
Арнагым келет
Бүт дүйнөнү жан дүйнөнү ак сүйүүм менен
Качан көздөрүм сени көрөт
Качан алысмын
Айтсаң көкүрөккө кусалык батпай
Жалгызмын
Сырдашкым келет
Мага жакканың жанга жагым сөздөрүң менен
Сүйлөшкүм келет
Сүйүп турган сүйүү толгон көздөрүң менен
Жашагым келет
Бүлө болуп түгөй болуп бир өзүң менен
Арнагым келет
Бүт дүйнөнү жан дүйнөнү ак сүйүүм менен
Добавить комментарий