316
Жүрөгүмө сен жылуулук арнадың
Көздөрүңдөн мен бакытты табамын
Сенсиң менин он сегиз миң ааламым
Бир өзүңө байланамын
Сени менен бакыт барын сеземин
Билем жаным жалгыз сендик экеним
Менин тунук бакытыма себебсиң
Жүрөгүмдө сезимдесиң
Кайырма:
Сен менин жаным
Мен бактымды таптым
Жаркытып жашоомо
Жарык нуруңду чачтың
Дайым менин жанымдасың бир өзүң
Жагат мага сүйүп турган мүнөзүң
Сени менен чогу бирге өткөргөн
Кымбат мага мүнөттөрүң
Бактылуумун өзүң барсың жанымда
Эркелетип сүйүп турган дайыма
Кандай жакшы жазылган бактыма
Бакыт болбой башкаларга
Кайырма:
Сен менин жаным
Мен бактымды таптым
Жаркытып жашоомо
Жарык нуруңду чачтың
Добавить комментарий