370
Өмүргө келесиң баарына көнөсүң
Жыгылып ыйлайсың айла жок чыдайсың
От болуп жанасың алоолоп өчөсүң
Маңдайга жазганын бары бир көрөсүң
Жашоого жаралып эх байоо балалык
Чоңойсом экен деп улам бир таянып
Жаштыкка жетесиң жалын от сезесиң
Балалык айылынан алыстап кетесиң
Буйруп койгон тагдырыма неге анча кайрырам да
Жаңы күндөр жаңы жашоо үмүтүмдү жандырам да
Жалбырттап күйөсүң жар бала сүйөсүң
Жаш бойдон калчудай жайдаңдап жүрөсүң
Жайылып кулачың дос тууган курасың
Тирилик деп жүрүп жешилет кубатың
Ай жылдар агылып байкатпай камынып
Жолуңан жолуугар буюрса карылык
Бул өмүр бир келген көз ирмем ирмелген
Аттиң ай жалганга ким кетип ким келген
Добавить комментарий