366
Бул өмүрдө сиздей жан
Болбостур ата
Буулуксам да бөксө жерим
Толбостур ата
Өкүт кылып кайрылбасын
Билип турсам да
Өзүңүзгө сагынуу эч
Солбостур ата
Сиздей болбостур ата
Өзүңүзгөй асыл жан
Болбостур ата
Акыл айттың жугумдуу
Кынаптап ата
Адам кылган тарбияңа
Ырахмат ата
Биримдикке чакырат
Накыл сөздөрүң
Бизден алыс кетсеңиз да
Адам кылган тарбияңа
Ырахмат ата
Арманымды баардык жанга
Билгизбейм ата
Арамдыкты жан дүйнөмө
Киргизбейм ата
Антым ушул тирүүлүктө
Буюрса кудай
Атыңызга жаман сөз
Тийгизбейм ата
Айкөлүм атам
Менин байтөрүм ата
Атыңызга жаман сөз
Тийгизбейм ата
Ыраактап ата
Ырахмат ата сизге
Атыңызга жаман сөз
Тийгизбейм ата
Антым ушул тирүүлүктө
Буюрса кудай
Атыңыздан алат сөз
Тийгизбейм ата
Добавить комментарий