1 220
Чыныгы жүздөр менен
Чыры жок сөздөр менен
Жаркырап күлүп турган
Жайнаган көздөр менен
Жолуксак кандай жакшы
Жолуккан кандай жакшы
Жолуккан кандай жакшы
Сагынган жүрөк менен
Эң жакшы тилек менен🤲
Кучактап бекем кысып
Кубаттуу билек мн
Көрүшкөн кандай жакшы
Жолуккан кандай жакшы
Жолуксак кандай жакшы
Амандык болсун дешет
Бөксөлөр толсун дешет
Байырлап башыбызга
Бак дөөлөт консун дешет
Бар болсок кандай жакшы
Бар болгон кандай жакшы
Бар болсок кандай жакшы
Өйдөдө өбөк болуп
Ылдыйда жөлөк болуп
Туугандар жай турмушта
Жакшылык себеп болуп
Жолуксак кандай жакшы
Жолуккан кандай жакшы
Жолуксак кандай жакшы
Добавить комментарий