337
Жаздын кечинде
Жалгыз турасың
Эмнени ойлоп
Ыйлап турасың
Мен жазган катты
Колуңа алып
Жүрөктөн сызып
Окуп турасың
Кайырма:
Унутчу жаным
Унутам сени
Унутпастыкка
Айла жок эми
Келин кийимин
Кийипсиң эми
Бактылуу жаша
Тилегим менин
Кызыкты бекен
Апаң акчага
Кызыкты бекен
Атаң байлыкка
Сенин бактыңды
Сатып акчага
Ыйлатып сени
Берди башкага
Унутчу жаным
Унутам сени
Унутпастыкка
Айла жок эми
Кайрылып келбейт
Алгачкы сүйүүм
Кайрылып келбейт
Ошол түндөрүм
Добавить комментарий