262
Жок жерден болбогондой көбү себеб
Жашоого келгениңдин өзү белек
Толкугун канат байлап жыргаганың
Алдыда кызыктар көп ырда демек
Бакыттын өзү эмесби жашоо деген
Балы бар багаары бар төрү кенен
Жашагын байкап көргүн сезгин даамын
Иштесең ширеси бар сыры терең
Сыр болуп улам сени сындаганы
Эркелеп жакын көрүп жыргаганы
Жаралып калганыңа кубана бер
Келгенбиз бул дүйнөгө ырдаганы
Добавить комментарий