205
Назаары түшүп көңүлдүн
Назданып мага көрүндүң
Жанымда жүрсөң жылмайып
Жарыгы сенсиң өмүрдүн
Азапка салып сезимди
Айталбай жүрүп сөзүңду
Ашыктык отун жандырып
Арзуудан тапкам өзүңдү
Жылмайып күлө карашың
Жылдыздай көктө жанасың
Көңүлүм жалгыз өзүңдө
Көкөлөп учсам канатым
Ай нурун жүзгө тагынып
Алыста жүрсөк сагынып
Тагдырды кошту ыр дүйнө
Тамыры турсун жайылып
Добавить комментарий