Сүңгүп мен чыга албас санааны айт,
Сүзүлгөн, сүрүлгөн жараны айт.
Сүйүүнү бул мерээз мыйзамы,
Сүйдүргөн сүйгөндү аябайт.
Мелжиген дүйнөгө батпай чын,
Мен келем, сен эшик ачпайсың.
Мен жетчү бактымды ыйлатып,
Мен кетчү жолуңа таштайсың.
Сенсиз мен адашкан жөжөдөй,
Сени издеп чыйпылдап жөнөмөй.
Серпилсем бир сенсиң билмексен,
Сен үчүн бир жалгыз мен өгөй.
Мелжиген дүйнөгө батпай чын,
Мен келем, сен эшик ачпайсың.
Мен жетчү бактымды ыйлатып,
Мен кетчү жолуңа таштайсың.
Өкүттүү, жараттуу, азаптуу,
Өзгөчө армандуу азаптуу
Өзөктү тытмалап да бир түн,
Өзүңсүз дагы бир таң атты.
Мелжиген дүйнөгө батпай чын,
Мен келем, сен эшик ачпайсың.
Мен жетчү бактымды ыйлатып,
Мен кетчү жолуңа таштайсың.
Добавить комментарий