663
Жарашыктуу жаштайын
Жадыраган жаз сайын
Жаш күнүмдөн тең өскөн ай
Жакшынакай ак кайың.
Бутагыңа коноюн
Кыштын жолун тороюн
Жаштыгыңды менден ал ай
Аккан сууң болоюн
Тамашалуу жаштайын
Тармалдаган жаз сайын
Тай күнүмдөн тең өскөн ий
Татынакай ак кайың
Бутагыңа коноюн
Кыштын жолун тороюн
Жаштыгыңды менден ал ай
Аккан сууң болоюн.
Мен өзгөрдүм сен көрдүң
Менда көрдүм өңгөнүң
Жаштыгымды кайра бер ий
Сурабаайм андан бөлөгүн
Бутагыңа коноюн
Кыштын жолун тороюн
Жаштыгымды кайра бер ий
Аккан сууң болоюн
Добавить комментарий