226
Мен жүрөгүмө багынып
Жүрчү элем сени сагынып
Ал күндөрүм келбейт кайрылып
Биз махабатты жамынып
Тунук сүйүүгө жүрдүк малынып
Сезимдерим калды жаңылып
Кайырма:
Мен көңүлүмдөн кыйналам
Мен кантсем эми жай аламын берекем
Сөздөрүң мага арналган
Күндөрдү эстеп сагынамын жан эркем
Өткөргөн убакты издейм мен
Мен бир өзүңө жан тартпай
Биз калсак такыр жолукпай
Махабатым калмак соолубай
Бир-бирибизди түшүнбөй
Тоскоолдуктар болду да күтүлбөй
Койсок болмок көңүл үшүтпөй
Добавить комментарий