Jax 02.14 — Enekem

 

 

 

Бул ыр ,сен жөнүндө эмес,
Бул ыр ,мен жөнүндө эмес .
Бул ыр ар бир энелер үчүн кана арналат.
Бул ыр менен кичине болсо дагы, эне сүтү акталаар.

 

Эненин ою балада,
Баланын ою талаада дейт.
Андай деле эмес, ээ ким ?
Анда деле эмес , кебим.
Энемдин мээнетин актайм деп,
Талаалап жүргөндөр аз эмес.
Шылынып калса дагы аброюн,
Ойлорун болсун женилбес.

 

Ичим таза , бирок колум кир,
Сынга батырып мени ар бири.
«Оку чоку»,- деп сайраган элең,
Окубай калганым билинди.
Чоноюп калган эми кара козун,
Ар бир бырышына жооп берет.
Эми багат бизди обондорум,
Оор күндөр артта эле калып кетет.

 

Бул ыр ,сен жөнүндө эмес,
Бул ыр ,мен жөнүндө эмес .
Бул ыр ар бир энелер үчүн кана арналат.
Бул ыр менен кичине болсо дагы, эне сүтү акталаар.

 

Ананайын, ананайын ,
Ак бешикке бөлөгөн.
Кагылайын, кагылайын деп,
Сылап — сыйпап өстүргөн.
Жок , жок унутпаймын,
Кел эми алмашалы
Арабаны эми мен тартайын,
Мен деп кетти канча шайын.

 

Тирүү эле жүргөн атамдын,
Тарбиясын көрбөй жашымдан.
Аял кишинин колунан деле,
Чыгат экен го атаман.
Илимдүү-билимдүү болбосом деле,
Энемдин үмүтү үзүлбөсө эле.
Жумшаймын сен үчүн күчүмдү,
Канчалык сүрдүү арстан болбо.
“Эненин көзүнө күчүксүн”

 

Акмакмын сенсиреп кээде сен деймин,
Корс калган мамилем үчүн
Мен өзүмдү өзүм тилдейм.
Бирок, карга деле баласын аппагым дейт,
Жолотпой баласына эч
кимди.
Бүркүт сымал он канаты -менен, сол канаты менен шилтейт.

 

Бул ыр ,сен жөнүндө эмес,
Бул ыр ,мен жөнүндө эмес .
Бул ыр ар бир энелер үчүн кана арналат.
Бул ыр менен кичине болсо дагы, эне сүтү акталаар.
Ананайын, ананайын ,
Ак бешикке бөлөгөн.
Кагылайын, кагылайын деп,
Сылап — сыйпап өстүргөн.
Жок , жок унутпаймын,
Кел эми алмашалы
Арабаны эми мен тартайын,
Мен деп кетти канча шайын.

 

Тартам деп бизди байкушум,
Алданып калган далайга.
Темирдей кылам деп кулунун,
Айланып калайын деди калайга.
Оозу кыйшык болсо дагы,
Байдын баласы сүйлөйт беле.
Сөз бербей, кебинди укпай,
Убагында баары дүлөй беле.

 

Кошоматчыларын табылат,
Көрө албагандар багынат.
Кемсинткендердин баарын кечип кой эми,
Сүйкөнүп кайра жагынат.
Сый урматтын эшиги ачылат ,
Өзүн айтмакчы “башынды”
Бийик коөтөр апооу тик кара.
Шаардын кооз
мен, мен деген жеринен,
тандап ал жаккан бир имарат.
Кааласан жардам бер муктаждарга,
Алар деле билесин зарыгат.
Тобокелдигин учун сенин,
Үнүн жетти сенин кудайга.
Унуткан жок сени жараткан,
Жайылган үчүн алаканын.
Берди сенин балана.

 

 

302510cookie-checkJax 02.14 — Enekem
Просмотры 4 824

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *



Читать полностью

Наш сайт создан чтобы помочь Вам вспомнить слова Ваших любимых песен, уточнить непонятные тексты песен, узнать их перевод и разучить новые песни. Мы собрали для Вас крупную базу данных, которая содержит более множество текстов и переводов песен различных исполнителей. Сайт регулярно пополняется текстами новых песен. Чтобы найти необходимый текст песни или перевод воспользуйтесь удобным поиском по исполнителям, названиям или тексту песни. Если же Вы не нашли нужный текст песни или перевод напишите нам и мы его добавим.