
Тапкандай асыл ынагың,
Талпынып эргийт кыялым.
Ак жумал жүзүң албырып,
Ар дайым акыл эсимде.
Өмүргө адам бир келет,
Өмүргө адам бир белек.
Өмүрдүн таттуу күндөрүн,
Өткөрсөк эмне биргелеп.
Аттиң ай мынча кечигип,
Акыры азыр кезигип.
Өңүмдөн сенин өңүңдөн,
Өкүнүч турду сезилип.
Өмүргө адам бир келет,
Өмүргө адам бир белек.
Өмүрдүн таттуу күндөрүн,
Өткөрсөк эмне биргелеп.
Добавить комментарий