191
Жаратып баарын себеби менен
Тартуулап арнап таттуу өмүрдү берген
Жалгандын сыры бул өмүр менен
Жашоодо болбос кымбат өмүрдөн терең
Бакыт кайда деп таңда күндөн сурадым
Бактым кайда деп кечте айдан сурадым
Көрсө жалганда, чексиз ааламда
Жарык дүйнөдө бакыт өмүр турбайбы
Өмүрүң чексиз ааламдан кенен
Өмүрүң байлык таза деңизден терең
Бул өмүр жалын отту да жеңген
Шамдагай өмүр шашып шамалдан безген
Өмүр бул жанган табылбас бакыт
Жашайлы таза берген ширесин татып
Жандуулар жашайт өмүргө шашып
Токтобойт өмүр аттиң албайсың сатып
Добавить комментарий