466
Бакыт консун башыңарга
Баалап келдик силерди
Зоболоңор бийик болсун
Тең сыйлаган бүт элди
Кана достор колду сунуп
Катуу катуу чабалы
Шампандардын оозун ачып
Жаштар үчүн аталы
Кайырма:
Бийлейм бийлейм бийлейли
Аталар менен
Бийле бийле бийлейли
Апалар менен
Бийлейм бийлейм бийлейли
Кудалар менен
Анан болсо достор менен
Туугандар менен
Бата тилеп өмүр тилеп
Бүгүн тойду бердиңер
Эки жашка бакыт каалап
Алыс жаткан келдиңер
Кыргызымдын үрп-адатын
Муундарга арттырып
Капалыкты таарынычты
Алыс жакка калтырып
Добавить комментарий