282
Кээ гана секелек кыз эмес белең
Кен дүйнөнү апам мага белек деген
Оюмда жок оомал төкмөл
Турмуш күтүп турганы
Ойноп күлүп жашачуудай элестеген
Учур келди мөмөлөрүм төгүлсүн деп
Уул кыздарың ак бешикке бөлөнсүн деп
Эртели кеч күйпөлөктөп өмүр отун өчүрбөй
Эне менен өсөт тура эл өркүндөп
Кайырма:
Бар жашоону улап келген
Бардыгына чыдап келген
Жер энеге теңелебиз
Жемиш төгүп кубат берген
Түйшүгү көп аял заттын
Түгөл кылып дүйнөнү
Түбөлүгүн сактап келет адам заттын
Бул турмуштун жүгү кайдан жеңилдеген
Булукса да аял заты жеңилбеген
Бакыт тилеп небереге
Тынчтык тилеп заманга
Багынтабыз жер дүйнөнү
Мээрим менен
Добавить комментарий