535
Көп күттүргөн аруу сезим келди мага
Көкөлөп учкан куштай ак таңымда
Тагдырым белек берген бакытымды
Таалайымды түбөлүк мен таптымбы?
Кайырма:
Өзүңдү мен өмүр бою издеп келгем
Көздөрүңдөн арзуу нурун көрсөм дегем
Мөлтүр таза менин сага махабатым
Жообун күткөн чын сүйүүмдү кабыл алгын
Жүрөгүмдүн оттой ысык алоосу сен
Жаштыгымдын жанып турган каалоосу сен
Жан биргем деп жандап жүрсөм сезим арнап
Жалындаган сүйүүм менин сени тандайт
Кайырма:
Өзүңдү мен өмүр бою издеп келгем
Көздөрүңдөн арзуу нурун көрсөм дегем
Мөлтүр таза менин сага махабатым
Жообун күткөн чын сүйүүмдү кабыл алгын
Айланчыктап жаныңдан чыккым келбейт
Айды кармап сырдуу түндө күткүм келет
Айперидей жамалыңды бир көрүүгө
Аздек кыял айдап келем мен күнүгө
Добавить комментарий