Суран Садыбакасов — Зарыкканда

 

 

Суран Садыбакасов — Зарыкканда — текст песни

 

 

Ажарыңа арбалып дидарыңа зарланып
Муңканып ыр ырдадым бул бул кушка айланып
Кыйноо салган кылыгың кызгалдактай бууралып
Күн кечке созом обон күкүк болуп үн салып

 

Айыбы жок жаралган ажайып көркөмүңө
Ашыгып ыр арнайымн асыл кечим өзүңө
Өчпөс болуп жанасын өрт сымал жүрөгүмдө
Өзүң гана болсоң дейм өмүрлөшүм өмүрдө

 

Миң сулуунун ичинен бир өзүңдү каалаймын
Туткуну болдум эркем тушалган бул жагдайдын
Бир өзүңдү ойлоймун бир өзүңдү самаймын
Тагдырга башымды ийип тартым сен деп убайым

 

Алдыман чыга калсаң ай сымал түндө жаркып
Арзум күчөп ансайын алоолойт сага тартып
Күлмүңдөп чыга келсең күндөй жаркып таңдагы
Суусатат бүткөн боюң сулуулугун андагы

 

Карааныңа зар болуп кайгырсам кубансамда
Мен жалгыз өзүңдү эңсейм келсең деп кучагыма
Сагынтасың күн сайын саргайтып сар санаада
Арманга тумчуктурбай алганым болчу жанымда

 

93421cookie-checkСуран Садыбакасов — Зарыкканда
Просмотры 884

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *



Читать полностью

Наш сайт создан чтобы помочь Вам вспомнить слова Ваших любимых песен, уточнить непонятные тексты песен, узнать их перевод и разучить новые песни. Мы собрали для Вас крупную базу данных, которая содержит более множество текстов и переводов песен различных исполнителей. Сайт регулярно пополняется текстами новых песен. Чтобы найти необходимый текст песни или перевод воспользуйтесь удобным поиском по исполнителям, названиям или тексту песни. Если же Вы не нашли нужный текст песни или перевод напишите нам и мы его добавим.