371
Апакай жылуу колундун
Табына жылынайынчы
Алдында жатып ыңаалап апа
Алдейле ыр угайынчы
Эртеңим билбейм эмине
Э болду ойлобоюнчу
Адамдар мени ыйлатса апоу
Алдейле соороноюнчу
Өмүрдө болуп өткөнгө
Өкүнүп карабайынчы
Катамды оңдоп алышка апоу
Кайра бир жаралайынчы
Мамыктай жылуу койнунда
Мээримге бөлөнөйунчу
Мезгилди артка кайрычы апоу
Мен кайра төрөлөйүнчу
Катамды оңдоп алышка апоу
Кайра бир жаралайынчы
Добавить комментарий