446
Жаным өткөн кезди эңсеп сагынамын
Жарашыктуу көзмончок такканың
Арбап алган таттуу кылыктарың
Жаным өзүң элең бүтпөс кыялдарым
Бирге баскан күзгү сейил багым
Айткым келчүү болчу деп жубайым
Кайырма:
Бир сага жолугууга турчу элем издеп шылтоо таба албай
Ал кездеги сүйүүмө калган элем мен жообум ала албай
Карасаң мага күлүп болоор эле үмүтүм жангандай
Эх андагы ак сүйүүм азыр да жүрөгүмдө калгандай
Жаным ал күндөрдү эңсеп сагынамын
Таарынып кайра бат жазылганың
Жылуу сүйлөп жүрөктү жылытканың
Жаным сен элеңго менин махабатым
Билем ал күндөр кайра кайрылбасын
Биздин сүйүү ырларда жашасын
Добавить комментарий