464
Бакыттын ыйык гүлүн арман ай үзө албадым,
Махабат деңизине ээрчишип сүзө албадым.
Жанаша канат кагып арман ай уча албадым,
Сезимдин сересине эмнеге чыга албадым.
Эмнеге чыга албадык ии ий,
Эмнеге чыга албадык
Кайрылбай сүйүү кушу арман ай учуп кетти,
Ансыз да ызаа толгон санаамды бузуп кетти.
Жанында эриш аркак арман ай боло албадым,
Кообуруп көөдөнүнө көлкүлдөп толо албадым
Көлкүлдөп толо албадым ии ий,
Көлкүлдөп толо албадым.
Жанында болот эми арман ай башка бирөө,
Түшүнбөйм эмне болду деги айтчы кимде күнөө.
Билбеймин эми сенсиз арман ай кантип жашайм,
Жок болгон жан дүйнөмдү кайра мен кантип жасайм
Кайра мен кантип жасайм ии ий,
Кайра мен кантип жасайм
Добавить комментарий